Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:30

Сыдымандын иши убактылуу токтотулду


Элмир Сыдыманов.
Элмир Сыдыманов.

Блогер Элмир Сыдымановдун иши боюнча соттук териштирүү экспертиза аяктаганга чейин убактылуу токтотулду. Анын иши комплекстүү психологиялык-лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы чыкканда улантылат. 

22 жаштагы блогер Элмир Сыдымановдун ишин карап жаткан Бишкектин Октябрь райондук соту 8-июндагы отурумда адвокаттын өтүнүчүн канааттандырган. Бишкек шаардык сотунун басма сөз катчысы Айсулуу Жаасынова буларды билдирди:

Айсулуу Жаасынова
Айсулуу Жаасынова

«Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда Жазык кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмышка айыпталган Э.Б.Сыдымановдун иши каралууда. 2020-жылдын 8-июнундагы соттук отурумда бул кылмыш иши жандандырылып, айыпталуучу Э.Б.Сыдымановдун жактоочусу А.М. өтүнүчү жарым-жартылай канааттандырылып, кылмыш иши боюнча соттук комплекстүү психологиялык-лингвистикалык экспертиза дайындалды. Экспертизанын корутундусу келип түшкөнгө чейин иш боюнча өндүрүш токтотулду».

Блогердин адвокаты Али Магеев Сыдымановдун сөзүндө аймак аралык кастыкты козутууга чакырык жок экенин далилдеш үчүн дисктерди сотко алып барганын «Азаттыкка» билдирди:

«Мен сотто лингвистикалык экспертиза дайындоону сурандым. Сот комплекстүү психологиялык-лингвистикалык экспертиза дайынды. Менин кардарымдын сөздөрүндө кастыкты козутуу бар же жогун аныкташ үчүн дисктер психологдорго жана жаңы лингвисттер тобуна берилет. Иш экспертиза аныктагандан кийин уланат».


Буга чейин 2-июнда өткөн сот отурумунда прокуратура блогер Элмир Сыдымановду сот залынан камакка алып, алты жылга эркинен ажыратууну суранган.

Сыдыманов «Инстаграмда» Sydyman деген ат менен белгилүү. Ал быйыл февраль айында өзүнүн баракчасы аркылуу түз эфирде Кыргызстандын айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаган. Бул окуя коомчулукта кызуу талкууга алынган. Кийин өзү жаңылганын мойнуна алып, кечирим сураган.

18-февралда Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, 28-февралда үй камагына чыгарылган. Ага Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча айып коюлган.

Блогер 4-июнда «Азаттыкка» берген маегинде күнөөсүн мойнуна алып, бирок Жазык кодексинин 313-беренеси менен макул эместигин айтты.

«Мен күнөөмдү мойнума алам, ыплас сөздөрдү айтып, майда кылмыш жасадым. Туура эмес нерсени айттым, эмоцияга алдырдым. Бирок элди бөлө турган 313-беренеге такыр туура келбейт. Мен азыр жазаны тартып эле келе жатам. Төрт ай болду. Төрт айдын 10-15 күнүн убактылуу кармоочу жайда отурдум. Андан сырткары соттон сотко чуркап, көп каражат кетти. Төрт айдан бери үй камагында отурам. Жазаны тарттым деп ойлойм. Өзү адамга эки күнгө эле убактылуу кармоочу жайга кирген жетиштүү экен».

Сыдыман: Алты жылга соттолгудай кылмыш кылган эмесмин
Сыдыман: Алты жылга соттолгудай кылмыш кылган эмесмин
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:53 0:00


Укук коргоочу Динара Ошурахунова сөзү үчүн адамды алты жылга эркинен ажыратуу туура эмес экенин айтып, буларга токтолду:

«Сот психологиялык-лингвистикалык экспертизаны мурда эле жасашы керек болчу. Аны жалпы эле сөздөр менен күнөөлөп коюшту. Сыдымандын сөзү, сөккөнү же күлүп айткандары канчалык адамдардын психологиясына жаман таасир этип же өмүрүнө коркунуч жаратканын экспертиза далилдеп бериши керек. Бизде азыркы учурда УКМК күнөөлөп койсо эле эч ким далилди да сурабай калды. Сот да далилди так сурабайт. Азыр кеч болсо да экспертиза дайындалганы жакшы. Эми ал Сыдымандын сөзү чын эле таасир эткенин аныктап бериши керек. Мисалы, мен Сыдымандын ким экенин деле унутуп калдым. Башкалар деле анын сөзүнө маани беришкен жок. Эми анын сөзү үчүн алты жыл сураганы аябай аша чапкандык. Кыргызда «Баш кесмек бар, тил кесмек жок» деген жакшы сөз бар. Бизде азыр тилди да кесип салышат. Сот эми экспертизанын жыйынтыгын карашы керек. Экспертиза өзү да көз карандысыз болушу шарт. Ошонун жыйынтыгы менен гана сот чечим кабыл алууга тийиш».

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева социалдык тармактын колдонуучулары жоопкерчиликтүү болушу керек деп эсептейт.

«Интернетте баарыбыз бирдейбиз. Жашына, улутуна, эркек, аял экенине карабай элге таасири болсо, катталуучулары 50-60 миңден көп болсо пост жазганда же сүйлөгөн сөздөрүнө көңүл бурушу абзел. Сыдыман жаш экен. Энеси да ыйлап, “балам тилинен жаңылды, туура эмес кылды” деп президентке кайрылыптыр. Өзү да күнөөсүн мойнуна алып жатса керек. Ансыз деле бизде регионализм маселеси чыгып келген. Ушундай орчундуу маселе бар экенин билип туруп мындай кылганы туура эмес. Прокурор алты жыл сурап жатат. Албетте алты жыл аябай көп. Бизде мыйзам баарына бирдей болсо бир жөн. Бирок бизде 100 миң доллар пара алгандар камактан чыгып кетип жатат. Мамлекетти милиондоп тоногондор сыртта жыргап жүрөт. Кызды зордуктаган адам жазадан боштулуп жатат. Албетте эл мындай учурда акыйкаттыкты издейт».

Акыйкатчы Токон Мамытов блогер Элмир Сыдымановдун ишин жеке көзөмөлүнө алып, сот отурумуна мониторинг жүргүзө турганын билдирген.

Сыдымановдун апасы президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, уулу кастыкка чакырбаганын айткан жана анын ишине калыс көзөмөл жүргүзүүнү өтүнгөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG