Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:41

Текебаев: Жанарбек Акаев "Ата Мекендин" шайлоо өнөктүгүнүн лидери болот


Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

“Ата Мекен” партиясынын шайлоо алдындагы өнөктүгүнүн лидери Жанарбек Акаев болот. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигине берген маегинде партия лидери Өмүрбек Текебаев айтты:

«Демек, парламентте ал фракция лидери болот. А эгер биздин фракция коалицияга кирсе, анда Жанарбек спикердин же балким, премьер-министрдин кызматына талапкер болот».

Текебаев Акаевге "тизменин башында символикалык, формалдуу түрдө гана турбастан, жеңишке жетүү, жеңиштин башында болуу деген жооптуу миссия жүктөлүп жатканын" кошумчалады.

Ал эми өзү тууралуу саясатчы сот процесси дагы эле жүрүп жатканын айтып, “Партиянын тизмесинде боломбу-жокпу, белгисиз” деп жооп берди.

Жанарбек Акаев өзү азырынча комментарий бере элек.

5-июнда Кыргызстанда “Жаңы дем” деген ураан алдында жаңы саясий альянс түзүлгөнү «Ата Мекен» партиясынын кеңсесинде расмий жарыяланган.

Биригүү тууралуу меморандумга «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, «Ак Шумкар» партиясынын төрагасы Темир Сариев, Кыргыз либерал-демократтар партиясынын (КЛДП) теңтөрагасы, ЖК депутаты Жанарбек Акаев, ЖК депутаты Рыскелди Момбеков, ишкер Тилек Токтогазиев жана «Жашыл күчтөр коалициясы» деп аталган уюмдун атынан саясат таануучу Азамат Темиркул кол койгон.

Аталган бирикменин негизги максаты быйыл күздөгү парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясынын туусу алдында баруу экени белгилүү болгон.

Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоо Конституцияга ылайык быйыл 4-октябрда өтүшү керек. (RK)

XS
SM
MD
LG