Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:14

Саламаттык сактоо министрлигинин беш кызматкеринен коронавирус аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин беш кызматкери COVID-19 вирусун жугузуп алганы аныкталды. Учурда алардын абалы туруктуу, ооруканада жатышат. Бул тууралуу министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Министрликтин имаратында эпидемияга каршы тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлдү. Отуздан ашык кызматкер обсервация шартында иштеп жатат.

7-июнга карата алты медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды, эки медкызматкер айыгып чыкты.

Республика боюнча COVID-19 395 медициналык кызматкерден аныкталып, алардын ичинен 275и сакайып чыкты. Эки дарыгер кайтыш болду. (TSh)

XS
SM
MD
LG