Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:33

Кулов: Чек арага Абылгазиев барганы маселени чечпейт, жеринде адистер иштеши керек


Феликс Кулов.
Феликс Кулов.

Коңшулар менен чек ара маселесин биринчи кезекте тийиштүү адистер системалуу жана комплекстүү түрдө чечиши зарыл. Мындай пикирин 1-июнда «Азаттыкка» мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов билдирди.

Кулов кыргыз-өзбек чек арасында кайрадан окуя тутанган кезде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эмгек өргүүсүн улантып жатканында маселе жок деп эсептейт.

«Чек ара боюнча иш ырааттуу жүрүшү зарыл, - деди ал, - премьер иш сапарына эле барып койгону маселени чечпейт. Боронов барганы нормалдуу эле. Негизги маселе – жыйынтык кандай? Талаштуу тилкелер боюнча ыкчам түрдө абройлуу эксперттер жеринде иштегени туура. Чек ара аныктала элек жерде суу болсо кайсы тарап кайсы убакта канча суу алып турса болот, жайлоо болсо ар бир тараптан канча мал жайылат деген сыяктуу маселелерди так чечип алуу зарыл. Кыргыз-тажик чек арасына токтолсок, балким, ал тарапта чагымчыл күчтөр бардыр. «Тажикстандын ислам кайра жаралуу партиясы» деген уюм бар. Оппозиция болгондуктан алар чатак чыгышына кызыкчылыгы бар. Ошондуктан ал жерде биздин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Мамлекеттик чек ара кызматы чогуу иштегени туура. Эки тарап ок атуучу курал колдонууга таптакыр тыюу салып, чек ара тилкесинде биргелешкен күзөт уюштуруусу зарыл. Системалуу жана комплекстүү мамиле жасалышы керек».

31-майда Баткенде, кыргыз-өзбек чек ара тилкесинде чыккан чуудан Кыргызстандын 25 тургуну жабыркап, төртөө ооруканада жатат. Алардын экөө реанимацияда, абалы оор. Өзбекстан тараптан да жаракат алгандар бар экени айтылууда. Сохтук тургуну «Озодлик» радиосуна 16 адам түрдүү жаракат алганын кабарлаган, расмий маалымат айтыла элек.

1-июнда окуя болгон жерге вице-премьер-министр Кубатбек Боронов барып, Баткен облусундагы «Чечме» өткөрмө пунктунда Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолукту.

Премьер-министр Абылгазиев 27-майда эмгек өргүүсүнө чыккан.

Социалдык түйүндөрдө чек арада абал курчуп турганда анын эс алууда жүргөнүн сындаган бар.

Өкмөт башчынын басма сөз кызматы бул боюнча азырынча комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG