Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:01

Казакстан репрессия курмандыктарын реабилитациялоо боюнча комиссия түзөт


Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

Казакстанда саясий репрессиянын курмандыгы болгон адамдарды реабилитациялоо боюнча мамлекеттик комиссия түзүлөт. Бул тууралуу өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев билдирди. Анын Саясий репрессиянын жана ачарчылыктын курмандыктарын эскерүү күнүнө карата элге кайрылуусу расмий сайтына 30-майда жарыяланды.

Токаев "Репрессия жылдары Казакстанга Советтер Союзунун булуң-бурчунан беш миллиондон ашуун адамды сүргүнгө жөнөтүшкөн. Репрессия тегирменинен 100 миңге жакын казакстандык өткөн, алардын 20 миңден ашууну атууга кеткен" деди.

Ошону менен катар ал Акмолодогу саясий куугунтукка кабылгандардын жакындары, аялдары жана балдары камалган лагерди таш боордуктун жана акмакчылыктын кейиштүү символу деп атады.

Казакстандын соңку тарыхында да саясий негизде камалгандар бар экенин укук коргоочулар айтып жүрүшөт. Жакында жергиликтүү укук коргоочулар тобу бийликке жана эл аралык уюмдарга абакта жаткан 14 адамдын аты жазылган кайрылуу жолдоп, аларды бошотууну талап кылышты. (RK)

XS
SM
MD
LG