Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Кыргызстан: COVID-19 менен жаңы катталгандардын дээрлик баары бейтап менен контакт болгондор


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир суткада коронавирус диагнозу коюлгандардын дээрлик баары ооруп жаткан адам менен контакт болуп, ошондон жугузуп алгандар. Бул тууралуу 31-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди:

"26 учурдун экөө тыштан келгендер: алыстан оор жүк ташыган айдоочу жана Москвадан энеси менен кайтып келген өспүрүм. 23ү – бейтаптар менен тыгыз контактта болгону үчүн бизде медициналык байкоодо тургандар. Контакт болгондорду биз эки жолу ПЧР анализ алып, таза болсо гана чыгарабыз".

Кечээтен бери өлкөдө коронавируска 2276 анализ жүргүзүлүп, алардын 26сынан вирус табылды. Жалпысынан 31-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1748 адамдын анализинен табылды, алардын 16сы кайтыш болду. Айыгып чыккандары - 1170 киши.

Соңку күндөрү коронавирус сырттан, айрыкча Орусиядан кайтып келгендер арасында көп аныкталып жаткан. (RK)

XS
SM
MD
LG