Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:09

Казак прокуратурасы Агадилдин өлүмү боюнча кылмыш ишин токтотту


Агадилди эскерүү учуру. Алматы, 27-февраль, 2020-жыл.
Агадилди эскерүү учуру. Алматы, 27-февраль, 2020-жыл.

Казакстанда жарандык активист Дулат Агадилдин өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши 25-майда токтотулганын Нур-Султандын прокуратурасы билдирди.

Прокуратура соттук-медициналык эксперттер ишин жыйынтыктап, кан айлануусу бузулгандыктан «Агадил миокард инфарктынан каза болгонун» аныкташканын белгиледи. Денесинен жараат табылбаганы кошумчаланды.

Агадилдин аялы Гүлнара Касымханова мындай бүтүмгө ынанбай турганын, чечимге каршы арызданарын «Азаттыкка» билдирди.

Казакстандык активист Дулат Агадил 24-февралда кармалып, Нур-Султан шаарындагы тергөө абагына киргизилген. Арадан бир сутка өтүп, 25-февралда ал каза болуп калган. Казакстандагы бир катар укук коргоочулар, оппозициячыл саясатчылар жана активисттер Агадилдин өз ажалынан өлгөнүнөн күмөн санашат.

Дулат Агадил Казакстандагы орчундуу жана көйгөйлүү саясий, социалдык, экономикалык маселелерге байланыштуу өз пикирин ачык айтып келген. Сот акыйкаттыгын талап кылып, резонанстуу процесстерди, митингдерди онлайн режимде чагылдырып, блогер катары да таанылган. «Уруксатсыз митинг өткөрдү», «полицияга баш ийбей койду» деген негиздер менен бир канча ирет кармалган.​

XS
SM
MD
LG