Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:58

Депутат Акаев: Коррупцияга каршы күрөшүү – прокуратуранын милдети


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Депутат Жанарбек Акаев коррупцияга каршы күрөшүү, мыйзамсыз сатылган жыштыктарды кайтаруу прокуратуранын милдети экенин эске салды. Ал бул тууралуу өзүнүн дарегине карата прокуратуранын доматына «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу берген жообунда айткан:

«Башкы прокуратура «жыштыктарды ордуна биз мурда эле кайтарганбыз, аны Жанарбек Акаев менчиктеп алгысы бар» деген мааниде маалымат таратыптыр. Андай болсо эмне үчүн маалыматты жаап-жашырып, басып жаттыңар? Абылгазиевдин атын биз атамайынча, «балким билинбей калат» дегенсип, маалыматты элден жашырып аттыңарбы? «Бул жыштыктарды ордуна кайтардык, коррупцияга каршы иштеп атабыз» деп элге мурдараак маалымдап койсоңор болмок».

26-май күнү Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаевдин соцтармакка чыккан маеги боюнча билдирүү тараткан. Анда «депутаттын «парламенттеги беш мүнөттүк сөзүмөн кийин, «Скай Мобайл» ишканасына берилген радиожыштык боюнча мурда чыгарылган буйруктар жокко чыгарылып, мамлекетке 5 млрд. сом кайтарылат» деп айтканы чындыкка дал келбейт» деп жазылган.

Башкы көзөмөл органы радиожыштыктын коррупциялык жол менен - Мамлекеттик байланыш агенттигинин жетекчилери жеке ишканалардын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып, лицензияны мыйзамсыз бергени үчүн сотко чейинки өндүрүш 7-апрелде эле башталганын маалымдаган.

20-апрелде, депутат Акаевдин парламенттеги билдирүүсүнөн бир ай мурун, Башкы прокуратура Мамлекеттик байланыш агенттигине бул мыйзамсыз иштер тууралуу эскертип, 24-апрелде аталган мекеме жетекчилиги мурунку чыгарган буйруктарын жокко чыгарган.

Прокуратуранын билдирүүсүндө: «Ошондуктан депутат Жанарбек Акаев радиожыштыкты сатуудагы мыйзамсыз иштерди ачыкка чыгарууга, аны мамлекетке кайтарууга жана келтирилген зыяндын ордун толтурууга эч кандай салым кошкон жок. Ал укук коргоо органдарынын коррупцияга каршы иштеринин жыйынтыгын менчиктеп алгысы келет. Депутат Жанарбек Акаевди эл өкүлү катары сөзүн карап сүйлөөгө жана коомчулукка туура, так, чын маалымат берүүгө чакырабыз», деп жазылган.

«Айтел» жоопкерчилиги чектелген ишканасына лицензия радио жыштыкты пайдаланууга берилген. Жогорку Кеңештин 20-майдагы сессиясында депутат Жанарбек Акаев Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктеги жыштык сатууга байланышкан коррупция маселесин көтөргөн. Ал «премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев буга катышы жок экенин далилдесин жана алешемдиктер үчүн жооп берсин, укук коргоо органдары тез арада буга анын катышы барбы же жокпу, иликтеши керек» деген талап койгон. Кийинчерээк өкмөттүк аппарат депутаттын суроосуна жооп берип, «премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин байланыш тармагындагы мыйзам бузууга катышы болушу мүмкүн экендиги тууралуу депутаттын сөзүнө эч кандай негиз жок» деп билдирген.

Өткөн аптада Мамлекеттик байланыш агенттигиндеги жыштык сатуудагы коррупциялык иш үчүн шектүү катары беш киши камакка алынды. Алардын арасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) эки кызматкери, «Ала ТВ» компаниясынын өкүлү бар. Камакка алынган беш кишинин дагы бири - агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубованын орун басары. Черногубованын өзүн УКМК жана Аскер прокуратурасы 12-майда камакка алган. Ага уюк байланыш операторлорунун бирине жыштыкты мыйзамсыз кайра каттаган деген айып коюлган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG