Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:57

Ош шаарында муниципалдык транспорт каттамга чыгат


Автобусту дезинфекциялоо учуру. Бишкек шаары. Март, 2020-жыл.
Автобусту дезинфекциялоо учуру. Бишкек шаары. Март, 2020-жыл.

25-майдан тартып Ош шаарында жүргүнчүлөрдү ташууга муниципалдык транспорт - автобустар жана троллейбустар гана чыгат. Ал эми кичиавтобустардын (маршруткалардын) каттамга чыгуусуна уруксат берилбейт. Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын жетекчиси Талант Капаровдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, автобус, троллейбустардын айдоочулары коргонуучу кийим-кече, каражаттар менен камсыз кылынган:

"Айдоочулардын коопсуздугу үчүн коргонуучу кийим, беткап, желим кол каптар жана санитайзерлер менен камсыз кылдык. Жүргүнчүлөр да автоунаага беткап жана колкап менен түшүшү керек".

Капаровдун маалыматына караганда, 20 троллейбус эки каттам боюнча, 12 автобус да эки каттам боюнча иштейт. Автоунааларга жүргүнчүлөр салондогу отургучтардын санына карап, 60% ашуун салынбайт.

Ош шаарында да коомдук транспорт Саламаттык сактоо министрлиги менен коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб иштеп чыккан жобонун негизинде санитардык талаптарды бекем сактоо менен иштейт. Ош шаарында троллейбус жүргөн эки каттам бар. Автобустар да эки каттам боюнча эл ташыйт. Жүргүнчү ташуунун негизги үлүшү кичиавтобустарда. (DU/ZKo)

XS
SM
MD
LG