Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:06

Үсөнбаев: Коомдук транспорттор санитардык талаптарды сактоого тийиш


Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустун жайылуусунун алдын алуу боюнча республикалык штаб менен чогуу эпидемиологиялык өзгөчө кырдаал шартында эл ташуунун жоболорун иштеп чыккан. Коомдук транспорттун менчик түрүнөн көз карандысыз ар бир айдоочу да, жүргүнчү да анда жүрүү жобосун жеке коопсуздугу үчүн бекем сактоого тийиш. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 24-майда брифингде билдирди. Ал 25-майдан тартып Бишкекте коомдук транспорттун жүрүшүнө уруксат берилгенин белгилеп, элди өз коопсуздугу үчүн беткап кийип, унаанын ичинде аралыкты сактоого аракет кылууга үндөдү:

"Коронавирус жугуп калуу ыктымалдыгы өтө чоң. Ошондуктан ар бирибиз эң ириде өзүбүздүн, жакындарыбыздын коопсуздугун сактоо жана жалпы эле коронавирустун жайылып кетүүсүнүн алдын алуу үчүн бардык талаптарды аткарууга аракет кылышыбыз керек", - деди Үсөнбаев.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизилген. Жалпы өлкө боюнча карантин жарыяланып, дээрлик бардык ишканалардын ишине, массалык иш-чараларга тыюу салынган. 11-майдан тартып өкмөт экономиканы жандандыруу максатында бир нече баскыч менен ишканалардын иштөөсүнө уруксат берген.

25-майдан тартып Бишкек шаарында коомдук транспорт: автобус, троллейбустар жана кичиавтобустардын эл ташуусуна да уруксат берилген. Коомдук транспортто эл ташууда айдоочу салонго отургучтардын гана эсебинде жүргүнчү салууга укуктуу. Унаада санитайзер болуусу шарт, жүргүнчүлөр беткапсыз салонго киргизилбейт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG