Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:55

Европа өлкөлөрү "Ачык асман" долбоорунан чыкпай турган болушту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Европанын 11 өлкөсү "Ачык асман" келишиминде калууну чечти. Франция, Германия, Бельгия, Испания, Финляндия, Италия, Люксембург, Нидерланд, Португалия, Чехия жана Швециянын тышкы иштер министрлери кол койгон коммюникеде: "Биз биздин жалпы коопсуздугубуз үчүн баалуу болуп саналган келишимдин шарттарын аткарууну уланта беребиз" деп жазылган.

Коммюникеде алар ачык асман келишиминен АКШ чыгып жатканына өкүнүч билдиришип, бул чечим алты айдан кийин күчүнө кирерин белгилешкен. Мындан тышкары АКШнын келишимдин шарттары Орусия тарабынан бузулуп жатат деген кооптонуусун колдой турганын билдиришкен. Бул тууралуу "Radio France Internationale" маалымдады.

АКШ президенти Дональд Трамп 21-майда 35 мамлекет кол койгон "Ачык асман" келишиминен чыгарын жарыялаган. Трамп буга Орусиянын келишимдин шарттарын бир нече жолу бузганын жүйө келтирди.

«Менимче, биздин Орусия менен мамилебиз абдан жакшы. Бирок Орусия бул келишимдин шарттарын сактабай жатат. Алар шарттарды аткарганга чейин биз чыгабыз. Ошентсе да жаңы келишим түзүүгө же бул документти кайра иштетиш үчүн бир нерсе кылууга жакшы мүмкүнчүлүк бар», - деди президент Трамп.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Мария Захарова АКШнын дооматын четке кагып, келишимдин шарттарына байланыштуу Москванын да Вашингтонго дооматы бар экенин билдирген.

"Ачык асман" келишимине 1992-жылы кол коюлуп, он жылдан кийин гана ишке киришкен. Бул документ ага кошулган мамлекеттердин ортосундагы өз ара ишенимди жана эл аралык туруктуулукту камсыз кылууну максат кылары белгиленген.

XS
SM
MD
LG