Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:12

ӨЭУ мыйзамы боюнча парламенттик талкууга катыша албай калгандар акцияга чыгышты


Жогорку Кеңештин имаратынын алдындагы акция. 22-май, 2020-жыл.
Жогорку Кеңештин имаратынын алдындагы акция. 22-май, 2020-жыл.

Ушу тапта Жогорку Кеңеш жана президенттик аппарат жайгашкан имараттын алдында акция өтүүдө. Ага катышып жаткан он чакты активист өкмөттүк эмес уюмдар (ӨЭУ) тууралуу мыйзам долбоорунун парламенттик талкуусуна катыша албай калганын айтып, колуна уюмдардын эркиндигин камсыз кылууга чакырган жазууларды кармап турушат.

«Аялдарга жардам берүү борбору» уюмунун жетекчиси Бакен Досалиева «Азаттыкка» мындай деди:

«Бул мыйзам өзү мыйзам бузуу менен чыгарылып жатат. Коммерциялык эмес уюм болгондон кийин алардын катарына партиялар да, дин уюмдары да кирет. Дин уюмдары деле араб гранттарынан акча алышат. Партиялар да грант алышат. Эмнеге алар отчёт бербеши керек? Алар да берсин! Бул долбоор өкмөттүк эмес уюмдарга карата репрессия деп эсептейбиз».

Коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды өзгөртүүчү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов баштаган депутаттар тобу иштеп чыккан. Ал быйыл март айында биринчи окууда жактырылган. Эгер мыйзам кабыл алынса коммерциялык эмес уюм жыл сайын каржы маселелери тууралуу өкмөт аныктаган формада отчёт берип турууга милдеттүү болот. Бул талапты аткарбаса мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Бүгүн 22-майда бул долбоор боюнча Жогорку Кеңеште парламенттик талкуу өтүп жатат.

Парламенттин басма сөз кызматы «талкууга бир катар коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда» деп билдирди.

Буга чейин ӨЭУ боюнча мыйзамга каршы 70ке жакын уюм кайрылуу таратып, ага каршылыгын билдиришкен. Айрымдары бүгүнкү талкууга катышууга жазыла албай жатканын айтышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG