Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:53

Жээнбеков: судьялардын киреше-чыгашасын декларациялоону күчөтүү зарыл


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

21-майда президент Сооронбай Жээнбеков Судьялар кеңешинин төрагасы Нурлан Атаназаровду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушууда Атаназаров Судьялар кеңешинин иши, жалпы сот системасын өнүктүрүү боюнча кабыл алынган чечимдер жана пландар жөнүндө айтып берди.

Жээнбеков судьялардын өздөрүнүн киреше-чыгашасы жөнүндө толук декларациялоо боюнча ишти күчөтүү зарыл экенин белгиледи. Мамлекет башчы сот реформасынын негизги багыттарынын бири катары жарандардын сот системасына ишенимин арттырууга, коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алууну күчөтүүгө чакырды. (TSh)

XS
SM
MD
LG