Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:01

Боронов: Нарын боюнча олуттуу чара көрүү зарыл


Нарын шаары.
Нарын шаары.

Нарын шаарында коронавируска каршы олуттуу чара көрүү зарыл. Бул тууралуу 21-майда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Нарын шаарындагы абалга кооптонуусун билдирди:

«Түзүлгөн абал шаар боюнча транспорттун жана калктын кыймылын чектөөнү талап кылат. Олуттуу чара көрүү зарыл. Мындан тышкары, оорунун очогу болуп саналган аймактарды, анын ичинде дарыканаларды, дүкөндөрдү жана башка коомдук жайларды сапаттуу дезинфекциялоого көңүл буруш керек. Оору менен байланышта болгон бардык жактар камтылышы зарыл».

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов аймактагы эпидемиологиялык абал жана көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди. Анын айтымында, үймө-үй кыдыруу, коомдук жайларда, административдик имараттарда дезинфекциялоо жүргүзүлүп, көчмө бригадалардын иши күчөтүлдү.

Жалпысынан 21-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1313 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 929 бейтап айыгып кетти.

Оору жуккандар эң көп катталган аймак Бишкек шаары болууда – 342 адам. Нарын облусунда оору жуккан 221, Ош облусунда 201, Жалал-Абад облусунда 154, Ош шаарында 129, Чүй облусунда 106, Баткен облусунда 27 жана Ысык-Көл облусунда 14 адам катталган.

Мындан тышкары Орусиянын Соль-Илецк шаарынан кайтып келген мигранттар арасынан 104 кишиден, Санкт-Петербургдан келген 15 адамдан коронавирус табылган.

Буга чейин айтылгандай, Нарында төрөт үйүнүн кызматкерлеринен, жаңы көз жарган келиндерден жана милиция өкүлдөрүнөн вирус табылганы айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG