Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:21

Мөөнөтү быйыл аяктаган паспорттор жыл аягына чейин жарактуу деп эсептелет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мөөнөтү быйыл жыл ичинде аяктай турган паспорттордун баары жыл аягына чейин жарактуу болуп эсептелет. Бул тууралуу 21-майда Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.

Мекеменин өкүлү Дамира Азимбаева «Азаттыкка» кабарлагандай, мындай чечим коронавирустун алдын алуу максатында кабыл алынды, мөөнөтү быйыл аяктаган бардык паспорттор 31-декабрга чейин жарактуу болот.

«Республика аймагында азыр да өзгөчө кырдаал режими жана айрым жерлерде карантиндик режим күчүндө турат. Буга байланыштуу COVID-19 вирусунун жайылуу коркунучун азайтуу жана калкты тейлөө борборлорунда, паспорттук бөлүмдөрдө адамдардын топтолушуна жол бербөө максатында, жарактуу мөөнөтү өтүп кеткен паспортторду жана чет элдик жарандар менен жарандыгы жок жактарды каттоо узартылмак болду. Каттоонун мөөнөтү өтүп кеткендиги үчүн айып көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин чегерилбейт», - деди ал.

Каттоо мөөнөтүн узартууну каалаган чет элдик жарандар жана жарандыгы жок жактар өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал режимдери алынган убакыттан тартып 10 иш күнү ичинде каттоосун узартышы зарыл.

ID-карта ала элек бүтүрүүчүлөргө аттестат жана күбөлүк жаздыруу маселесин чечүү Билим берүү жана илим министрлигине тапшырылганы маалым болду.

Коронавируска байланыштуу киргизилген карантинден улам башка ишкана-мекемелер сыяктуу эле Мамкаттоонун элди тейлөө борборлору да убактылуу жабылган болчу. 21-майдан тартып алар кайра иштей баштады. Мөөнөтү өткөн жана башка документи боюнча кайрылгандар эки ай ичинде топтолуп калгандыктан тейлөө борборлорунда узун кезекке тургандар пайда болду.

Өкмөт коронавирустан сактануу үчүн адамдар ортосунда 1,5-2 метрлик аралыкты сакташ керек экенин айткан.

Жалпысынан 21-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1313 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 929 бейтап айыгып кетти.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG