Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:01

Өзбекстандын мектептеринде жыйынтыктоочу сынактар болбойт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Элдик билим берүү министрлиги быйылкы окуу жылында мектептерде жыйынтыктоочу сынактар болбой турганын жарыялады. Министрликтин «Телеграмдагы» каналы билдиргендей, окуучуларга жалпы окуу жылындагы жетишкендиктеринин негизинде жыйынтыктоочу баа коюлат.

Расмий маалыматта бул чечим өлкө президентинин тапшырмасы менен карантин маалында элге ыңгайлуу шарт түзүү максатында кабыл алынганы айтылат.

Өзбекстанда коронавирус жуккан алгачкы адам катталгандан кийин 16-марттан тартып бардык мектептерде карантин жарыяланган. Окуучулар аралыктан окуй башташкан.

14-майда өкмөттүн атайын комиссиясы карантин кеминде 1-июнга чейин созуларын билдирген.

20-майга карата Өзбекстанда коронавируска чалдыккандардын саны 2880 кишиге жетти. 13 бейтап COVID-19 илдетинен кайтыш болду.

XS
SM
MD
LG