Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Башкы прокурор: сырттан активдерди кайтаруу боюнча башкалар Кыргызстандан кеңеш сурап жатат


Өткүрбек Жамшитов.
Өткүрбек Жамшитов.

2019-жылы Бакиевдердин мурдагы финансылык кеңешчиси, учурда АКШда жашаган Евгений Гуревичтен 4,5 млн. сом өндүрүлгөнү - укук коргоо органдарынын 10 жылдык эмгегинин натыйжасы. Мындай пикирин башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 18-майда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөш боюнча комитетинин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Башкы прокурордун айтымында, бул сыртка мыйзамсыз чыгып кеткен каражаттарды кайтаруу боюнча Борбор Азиядагы эң ири иш болгон.

«Борбор Азия боюнча 30 жылда биринчи жолу эң көп актив алып келген Кыргызстан болуп эсептелет. Казакстан жана башка мамлекеттер «кандай алып келдиңер, окуткула» деп кайрылган учурлары болуп жатат», - деди Жамшитов.

2019-жылы февраль айында Бакиевдердин мурдагы финансылык кеңешчиси, Америкада шарттуу абакта отурган Евгений Гуревич АКШ Кыргызстанга которууга макул болгон 4,6 миллион доллардын таржымалын түшүндүргөн.

Ал бул каражат 2012-жылдын жаз айларында мурдагы кыргыз президентинин уулу Максим Бакиевге расмий эмес түрдө таандык болгон Гонконгдогу компаниядан АКШга которулганын «Азаттыкка» ырастаган.

Анын алдында Гуревич АКШ бул акчаны 2014-жылы «инсайдердик соодада» колдонулду деген шек менен камакка алганын, өзү Кошмо Штаттардын Юстиция министрлиги менен кызматташып, бул каражат кайдан келгенин аларга толук айтып бергенин "24.kg" жаңылыктар агенттигине билдирген.

Ал мынча акча Кыргызстандан «Азия Универсал Банкы» тарабынан эмес, «башка түзүмдөр» аркылуу чыгарылганын, окуя 2012-2013-жылдары болгонун кошумчалаган.

АКШ менен Кыргызстан мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда чыгарылып кеткен активдерди кайтаруу тууралуу эки тараптуу билдирүүгө 25-февралда Бишкекте кол коюшкан. Ага ылайык, АКШ Евгений Гуревичтин кылмыш ишин иликтөөдө конфискацияланган 6 миллион доллардын 4,6 миллиону Кыргызстанга которула турган болгон.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн ири суммадагы активди кайтарган өлкө жалгыз эле Кыргызстан эмес. Жакында Франция экс-президенттин кызы Гүлнара Каримованын 10 миллион доллар активин Өзбекстандын Юстиция министрлиги менен Башкы прокуратурасына кайтарып бергени белгилүү. (TSh)

XS
SM
MD
LG