Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:27

Коронавирус дагы 29 адамдан табылды, эки бейтап кайтыш болду (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 29 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 15-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Үсөнбаевдин айтымында, анализинен коронавирус табылган эки адам бир суткада кайтыш болду.

Алардын бири Нарын облустук ооруканасында өнөкөт ооруларынан дарыланып жаткан 84 жаштагы аял бейтап.

«Ал бир топтон бери ооруп жүргөн экен. Март, апрель айларында эски ооруларынан медициналык мекемелерге барып жүргөн. Кечээ да эски оорулары козголуп келип, провизордук госпиталга алынган. Медициналык жардамдын жыйынтыгы болбогондуктан реанимацияга жаткырылганына карабастан каза болуп калды. Анализин алып текшергенде коронавирус бар экени тастыкталды. Атайын шарттар менен кечээ жерге берилди. Бул бейтап жашаган айылда эпидемияга каршы аракет көрүлүүдө», - деди ал.

Экинчиси Бишкекте Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада жаткан 55 жаштагы эркек бейтап болгон.

«Бүгүн эртең менен кайтыш болуп калды. Ал 28-апрелден бери бул ооруканада дарыланып жаткан. Оор клиника бергендиктен реанимацияда болчу. Дарылоого карабастан өрчүп кеткендиктен каза болуп калды. Эски өнөкөт оорулары да козголуп, дарылануудан тыянак чыккан эмес», - деди Нурболот Үсөнбаев.

Бир сутка ичинде 10 бейтап айыгып чыкты.

Жалпысынан 15-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1111 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 745 бейтап айыгып чыкты.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG