Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:03

Президент кыргыз-тажик чек арасы боюнча конструктивдүү сүйлөшүү керек экенин билдирди


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков 11-майда вице-премьер-министр Акрам Мадумаровду кабыл алып, жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу, өлкөнүн чек ара коопсуздугун камсыз кылуу маселелерин жана чек ара кызматташтыгын талкуулады. Бул тууралуу маалымат президенттин сайтына чыкты.

Мадумаров Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы чатак күчөп кетпеши үчүн тажик тарап менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн маалымдады. Ошондой эле ал жарадар болгон аскер кызматкерлеринин абалы тууралуу айтып берди.

Президент Жээнбеков кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын ишин эртелетүү зарыл экенин билдирди. Ал конструктивдүү сүйлөшүү процесси аркылуу биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу маанилүү экенин айтты.

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда оор жарадар болгон кыргыз жоокеринин абалы дагы эле оор. Бул тууралуу 11-майда «Азаттыкка» Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаган.

8-майда Баткенде чек ара окуясында жарадар болгон үч жоокер 10-майда атайын тик учак менен Бишкекке жеткирилген. Үчөө тең Улуттук госпиталга жаткырылган. Көкүрөгүнө ок тийген экөөнүн абалы канааттандырарлык экени, ал эми омурткасына ок тийген аскердин абалы оор болуп, реанимацияда жатканы кабарланган. Тажик тарап бул окуядан эки жараны жарадар болгонун билдирген.

XS
SM
MD
LG