Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:12

Нурматов: Вирус жугузгандардын 67% оорунун белгилери болгон эмес


Кыргызстандагы лабораторияда иштеген адам. Апрель, 2020-жыл.
Кыргызстандагы лабораторияда иштеген адам. Апрель, 2020-жыл.

Кыргызстандагы коронавирус илдетине чалдыккан адамдардын 67% оорунун белгилери болгон эмес. Алар эпидемиологиялык талаптар менен текшерүү учурунда аныкталгандар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу, профилактикалык медицина борборунун вирусологу Зуридин Нурматов 3-майда брифингде билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) көрсөткүчтөрүнө дал келет:

"Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жыл башында эле коронавирус айрым адамдарда симптомсуз өтүп кетүүсү ыктымалдыгын, 65% адамдар өзүндө вирус бар экенин билбей, башкаларга жуктуруп жүрө бериши ыктымал деп билдирген. Биздеги дарыгерлердин берген көрсөткүчүндө вирус жуктуруп алган адамдардын 67% оорунун эч кандай белгисин сезген эмес. Ошондуктан айрым ооруканага жаткырылган мекендештерибиз "оорубасам деле жаткырып коюшту" деп доомат кылып жатышат, алар туура түшүнүшү керек. Оору жуктуруп алганын билбей, элди аралап жүрө бериши мүмкүн, ошондуктан аларды ооруканага жаткыруу зарыл".

Зуридин Нурматов оорунун белгилери болбогон адамдар бүгүн деле арабызда жүрүшү ыктымал деп кошумчалады.

3-майга карата Кыргызстанда коронавирус 795 адамдан аныкталды. Он киши оорудан көз жумду. 564 адам илдетти айыкты. Коронавирус аныкталган 495 адамдын 207си медицина кызматкерлери. Алардын 139у сакайып чыкты. Бир доктур көз жумду.

Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктурган алгачкы үч адам 18-мартта катталган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG