Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:35

Сузакта кооптуу аймакта жашаган тургундар чатырларга көчүрүлүп жатат


Сузак районунун Кара-Март айылы. 29-апрель, 2020-жыл.
Сузак районунун Кара-Март айылы. 29-апрель, 2020-жыл.

Район аймагында жер көчкү жүрүүчү кооптуу аймактарда жашаган Курманбек, Көк-Арт, Барпы, Кыз-Көл, Сузак айыл өкмөттөрүндөгү 100дөн ашык үй-бүлө башка жактарга көчүрүлүп жатат. Район акиминин орун басары Төрөгелди Түркбаев «Азаттыкка» билдиргендей, турак жайы жоктор үчүн чатырлар тигилүүдө.

«Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн Кара-Март айылынын Кайырма тилкесине 10 орундукка атайын ылайыкташкан 20 даана чатыр тигилди. Ага ушул айылдын кооптуу тилкеде жашаган тургундары көчүрүлө баштады. Тургундарга бир топ жыл мурда көчүп кетиш үчүн жер тилкелери берилгени менен алар көчүп чыккан эмес. Учурда райондук комиссия эң кооптуу деген участоктордогу тургундарды чыгарып жатат», - деди Түркбаев.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө кооптуу аймактарда жашап жаткан 3909 түтүн элди тез арада коопсуз жайларга көчүрүү боюнча жергиликтүү бийликке эскертүү берилген. Министрлик жалпысынан 153 даана чатыр бөлүп берип, коопсуз жайга убактылуу көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Буга чейин өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров тиешелүү жетекчилерге кооптуу аймактарда жашар жаткан жарандарды тез арада коопсуз жайларга көчүрүү боюнча тапшырма берген. (RsK)

XS
SM
MD
LG