Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Жогорку сот Саймаитиге жасалма паспорт берген кызматкерге козголгон ишти кыскартты


Айеркен Саймаити.
Айеркен Саймаити.

Жогорку сот Кытай жараны Айеркен Саймаитиге жасалма кыргыз паспортун берүү боюнча кылмыш ишине чекит койду. Аталган сот ушул жылдын 16-марттагы чечими менен Сузак райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн мурдагы жетектөөчү адисине карата буга чейин эки инстанция чыгарган аныктаманы күчүндө калтырды.

Ага ылайык, Сузак райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси (А.А) Айеркен Саймаитиге 2014-жылы жасалма кыргыз паспортун бергени аныкталды.

Буга чейин Ички иштер министрлиги (ИИМ) эл аралык издөөдө жүргөн Саймаити 1982-жылы туулган Кыргызстандын жараны Самятов Эркин Салимовичтин атына мыйзамсыз берилген (ID-карт, чет элдик паспорт) паспортторду колдонуп жүргөнүн аныктаган.

Саймаити болсо 2017-жылы мыйзамсыз алган жалпы жарандык паспортту колдонуп Кыргызстандан чыгып кеткен.

Былтыр июль айында ИИМ «Паспортту мыйзамсыз берүү» фактысы боюнча иликтөө иштерин баштап, Сузак райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адисине айып койгон.

2019-жылдын 22-ноябрында ишти Жалал-Абад облусунун Сузак райондук соту карап, кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткендиктен Сузак райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адисине козголгон кылмыш ишин кыскарткан. Былтыр 31-декабрда Жалал-Абад облустук соту райондук соттун токтомун күчүндө калтырган.

Жалал-Абад облустук прокуратурасы эки инстанциянын чечимин жокко чыгарууну өтүнүп Жогорку сотко апелляциялык арыз берген. Жогорку сот Сузак райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн мурдагы жетектөөчү адисин күнөөлүү деп таап, бирок кылмыш жасалгандан бери беш жыл өтүп кеткендиктен кылмыш ишин кыскартуу боюнча буга чейин соттук инстанциялардын чечимин күчүндө калтырды.

Ишти Жогорку соттун судьялары Качыке Эсенканов (төрага), Аскат Сыдыков жана Кеңешбек Токтомамбетов карады.

Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык схема боюнча журналисттерге маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди берген Айеркен Саймаити былтыр 10-ноябрда Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен атып өлтүрүлгөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG