Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Польшалык дарыгерлер Ош жана Жалал-Абаддагы ооруканалардан кабар алышты


Бул тууралуу саламаттык сактоо министри билдирди. Министрликтин маалыматында, 25-апрелде Польшадан келген дарыгерлердин бир бөлүгү коронавирус илдетин жуктургандар дарыланып жаткан Оштогу облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынан, дагы бир бөлүгү Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынан кабар алышты. Айрымдары Ош шаарындагы саламаттык сактоо уюмдарынын иши менен таанышты.

Польшалык дарыгерлер 26-27-апрель күндөрү Ноокат, Өзгөн, Кара-Суу жана Сузак райондорунун аймактык ооруканаларынан кабар алышат. Андан соң аткарган иштери, алардын жыйынтыгы, медициналык, эпидемиологиялык божомол боюнча Ош шаарында маалымат жыйынын беришет.

Польша мамлекетинен келген 11 адамдан турган адистер 24-апрелде Ошко учуп келишкен. 25-апрелге карата өлкө аймагында СOVID-19га чалдыккандардын саны 665 кишиге жетти. Алардын 265и Ош облусунда. (DU)

XS
SM
MD
LG