Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:38

Президент: милиция жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз болушу керек


Сооронбай Жээнбеков жана Кашкар Жунушалиев.
Сооронбай Жээнбеков жана Кашкар Жунушалиев.

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус менен күрөшүүгө тартылган ички иштер органдарынын кызматкерлерин жеке коргонуучу каражаттар жана башка зарыл болгон жабдыктар менен камсыз кылыш керек экенин билдирди.

Бул тууралуу өлкө башчы 23-апрелде ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алганда айтканын президенттин аппараты маалымдады.

Жунушалиев COVID-19 вирусу менен күрөшүү иштерине катышып жаткан күч кызматкерлери жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз болгонун айтты.

Министрдин сөзүнө караганда, өлкө аймагындагы блокпостторго күн сайын 5 миңден ашуун милиция кызматкери жана 500 транспорт каражаты тартылып жатат.

Ошондой эле коомдук коопсуздукту камсыз кылыш үчүн республиканын шаарлары менен райондорун күн сайын миңден ашуун милиция кызматкери күзөтүүдө.

Саламаттык сактоо министрлигинин 22-апрелдеги маалыматы боюнча, ички иштер органдарынын 12 кызматкерине коронавирус инфекциясы жуккан. Бир милиция кызматкери реанимацияда жатат.

Коомчулукта өзгөчө абал шартында иштеп жаткан ички иштер кызматкерлерине мамлекет тарабынан жетиштүү камкордук көрүлбөгөнү, аларды жеке коргонуу каражаттары, тамак-аш менен камсыздоо жолго коюлбаганы айтылып, сынга алынып келе жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG