Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Студенттердин контракт акысын кайра карап чыгуу сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мамлекеттик жогорку окуу жайларынын келишимдик негизде окуп жаткан студенттеринин контракт акысын кайра карап чыгуу сунушталды. Бул тууралуу 22-апрелде Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, мындай сунуш студенттер коронавируска байланыштуу аралыктан окуу ыкмасына өткөндүктөн кайрылуулар түшүп жаткандыктан киргизилди.

Билим берүү жана илим министрлигине жиберилген жазуу түрүндөгү сунушта акы төлөнүүчү окутуу кызматтарынын түзүмүнө көңүл буруп, зарыл болсо чыныгы чыгымдарга жараша кайра эсептөө керек экендиги айтылды.

22-апрелге карата илдет жуккандардын жалпы саны Кыргызстанда 612 кишиге жетти. Алардын жетөө каза тапты, 254 бейтап айыгып чыкты.

Илдеттин жайылышынын алдын алуу максатында 30-апрелге чейин көпчүлүк аймактарда өзгөчө абал жарыяланып, мекеме-ишканалар сыяктуу бардык окуу жайлары да убактылуу жабылган. Окуучулар жана студенттер 8-апрелден бери дистанттык негизде окуп жатышат.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 3-апрелде ата-энеси ушул күндөрү акча жагынан кыйналып жаткан же ден соолугунан кыйынчылык жаралып, төлөй албаган студенттердин маселесин караш үчүн ар бир окуу жайында комиссия түзүлгөнүн айткан. Ал: «Мүмкүн болушунча ар бир окуу жайы социалдык пакет жасап, пайыздык өлчөмдө жеңилдик берсин же төлөм мөөнөтүн узартып берсин деп тапшырма бердик» деп билдирген.

Кыргызстанда мамлекеттик 32, мамлекеттик эмес 33 жогорку окуу жайы бар. (RK)

XS
SM
MD
LG