Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Президент социалдык төлөмдү алуу жолун жеңилдетүүнү тапшырды


Президент Сооронбай Жээнбеков эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровду кабыл алды. 21-апрель, 2020-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровду кабыл алды. 21-апрель, 2020-жыл.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 21-апрелде эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровду кабыл алган учурда мамлекеттен социалдык төлөмдөрдү алуунун жолдорун жеңилдетүүнү тапшырды. Президент муну менен өзгөчө абал учурунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо зарылдыгын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков айрым аймактарда жашагандарга социалдык төлөмдөр мөөнөтүндө жетпей жатканын да эскертип, өзгөчө абал учурунда мамлекет берген төлөмдөрдү алуунун жолун мүмкүн болушунча жеңилдетүүнү министрден талап кылды.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров өлкөдө социалдык төлөм алган 490 миң адам бар экенин маалымдап, бүгүнкү күнү алардын баарына жөлөкпул, пенсия жана башка социалдык төлөмдөр берилгенин президентке билдирди. Министрдин сөзүнө караганда, пенсия, жөлөкпулдан карыз жок.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу өзгөчө кырдаал жана абал жарыяланганына байланыштуу пенсия жана жөлөкпул жеткирүү милдети почта кызматкерлерине жүктөлгөн. Мындан тышкары коммерциялык банктарга социалдык төлөм катары берилген акчаны карточкадан чыгарууда үстөк акы албоо тапшырылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG