Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:29

ИИМ: 81 адам коменданттык сааттын талаптарын бузганы үчүн кармалды


Аравандагы блокпост. Ош облусу, 15-апрель, 2020-жыл.
Аравандагы блокпост. Ош облусу, 15-апрель, 2020-жыл.

Акыркы суткада саат 21:00-06:00 аралыгында 81 адам коменданттык сааттын талаптарын бузганы үчүн кармалды. 8 автоунаа атайын токтотмого коюлду.

Алардын ичинен: Бишкек шаарында – 66, Жалал-Абад шаарында – 4, Ош шаары боюнча - 3, Нарын шаарында – 4, Ат-Башы району боюнча бир, Ноокат районунда бир, Сузак районунда эки адам коменданттык сааттын талаптарын бузган. Ал эми Кара-Суу районунда тартип бузгандар катталган жок.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2970 адам коменданттык сааттын эрежелерин бузганы үчүн кармалган. Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коменданттык саат аяктаганда коё берилди.

ИИМ жарандарды өзгөчө абалдын жана коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырды. Мындан тышкары Интернет аркылуу жалган маалымат тараткандарга мыйзам чегинде жоопкерчилик каралганын эскертти.

Кыргызстандын коронавирус көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Нарын, Ош шаарларында, Ат-Башы, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда президенттин жарлыгы менен 30-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланган. Бул аймактарда саат 21:00 – 06:00 аралыгында көчөдө адам да, машине да жүрбөшү керек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG