Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Орусияда кыргызстандыктарга вирус жукканы расмий айтыла элек


Орусиядагы «Тез жардам» кызматкери.
Орусиядагы «Тез жардам» кызматкери.

Орусияда канча кыргызстандык коронавируска чалдыкканы тууралуу расмий маалымат жок. Бул тууралуу «Азаттыкка» Москвадагы Кыргызстандын элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдирди:

"Якутияда эки кыргызстандыктан чыгыптыр" деп маалымат каражаттарына жарыяланды. Ал тууралуу бизге расмий маалымат келген жок. Азырынча «силердин жаран ооруп калды» деген так маалымат жок».

Ал эми «Азаттыктын» Орусиядагы кабарчысы «коронавирус жуктуруп алдык» деп Москвадан эле кеминде кыргызстандык алты киши байланышканын маалымдады.

10-апрелдеги маалыматка ылайык Орусиянын аймагында коронавирус жукканы аныкталгандар 12 миңге жакындады. Айыгып чыккандар 800гө чамалады. Көз жумгандар 94 киши болду.

Орусияда COVID-19 инфекциясынын статистикасы апрелден тартып кескин жогорулады. 31-мартта коронавирус жуккандар 2300дөн ашкан.

XS
SM
MD
LG