Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Министрлик: каза болгон дарыгер коронавируска байланыштуу ишке катышкан эмес


Саламаттык сактоо министрлиги Сузакта пневмониядан каза болгон дарыгер жөнүндө маалымат таратты. Ал маалыматка ылайык, 31-мартта Сузактагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 64 жаштагы психиатр дарыгери райондук ооруканага дем алуусу кескин начарлап, пневмония диагнозу менен түшкөн. Анын абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бейтап былтыр декабрь айында ооруп, үй шартында дарыланганы белгилүү болгон.

Министрликтин маалыматына ылайык, дарыгер коронавируска байланыштуу эч кандай жумушка тартылган эмес. Анын COVID-19 вирусуна анализи таза чыккан. Бейтап оорусунан улам 3-апрелде каза болгон.

Буга чейин Интернетте Сузактагы дарыгердин өлүмүнүн айланасында ар кандай кептер тарап, социалдык тармактын колдонуучулары бийликтен так маалымат берүүнү талап кылышкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG