Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:42

21-мартта тажикстандык 30 жаран Ош облусунан чыгарылган


Тажикстандын 30 жараны 21-мартта Ош облусунун Чоң-Алай районундагы "Карамык-автожол" көзөмөл-өткөрмө пункту аркылуу чек арадан чыгарылган. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Ош шаарынын жана Ош облусундагы Кара-Суу, Ноокат райондорунун комендантынын маалымат борборунун кызматкери Жеңиш Аширбаев билдирди.

"Ага чейин булар чек арада турушкан. Бул кечээ же бүгүн эмес, 21-мартта өзгөчө кырдаал киргенде чыгып кетишкен. Тажикстандын 30 жараны барганда чек ара өзгөчө кырдаалга байланыштуу жабык турган. Кийин эки мамлекеттин келишиминин негизинде ТИМ менен байланышып, Тажикстанга кирип кетишкен", - деди Аширбаев.

Ошондой эле ал "бир сутканын ичинде башка мамлекеттин жарандары чыгып кетсин" деген көрсөтмө болгонун, тажикстандыктар ошонун негизинде чыгарылганын кошумчалады.

30 кишинин баары Орусиядан келе жаткан тажик улутундагы адамдар болгон. Өзгөчө кырдаал киргенден тарта башка тажикстандыктар чыгарылган эмес. Бүгүнкү күндө эки тараптын сүйлөшүүлөрү менен Кыргызстандын ичинде калып кеткен өзбекстандык жарандар чек арадан өткөрүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG