Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:57

Акрам Мадумаров: Сузактагы кырдаал өзгөчө көзөмөлдө


Сузак районундагы Благовещенка айылы. 18-март, 2020-жыл.
Сузак районундагы Благовещенка айылы. 18-март, 2020-жыл.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кырдаал өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө. Бул тууралуу вице-премьер-министри Акрам Мадумаров 18-мартта Сузакка барганда билдирди. Мадумаров райондогу коомдук-саясий кырдаал менен таанышып, коронавирус табылган үч кишинин кичи мекени Благовещенка, Орто-Азия жана Бостон калктуу айылдарына барды. Ал жактагы коомдук коопсуздукту камсыз кылуунун шарттарын, орнотулган 19 өткөрмө пункттун ишин көрүп чыкты.

Мындан тышкары вице-премьер-министр коронавируска кабылган үч кыргызстандыктын абалына кызыкты.

18-мартта Мадумаровдун жетекчилиги менен коронавирустун алдын алуу боюнча облустук штабдын жыйыны өттү.

Сузак районунда бардык санитардык чаралар күчөтүлгөн. Жергиликтүү элге жугуштуу вирус жана анын алдын алуу боюнча маалыматтык түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Сузак районун эли киргизилген убактылуу чектөөгө түшүнүү менен мамиле кылууда. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

18-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы үч адам аныкталды. Алар - 12-мартта Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келген Сузак районунун тургундары. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Коронавирустун алдын алуу штабы жалпы республика боюнча «өзгөчө кырдаал киргизүүгө олуттуу негиз жок» деп билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG