Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:50

Коронавирустан улам Түндүк Кипрде окуу жайлары убактылуу жабылды


Кипрдеги кыргызстандык жаштар.
Кипрдеги кыргызстандык жаштар.

Кипрдин билим берүү жана маданият министри Назым Чавушоглу бардык жогорку окуу жайлары короновирус коркунучунан улам 15-мартка чейин жабылганын маалымдады.

Кипрдеги «Кыргызстандык студенттер биримдигинин» төрагасы Исламбек Кылыч «Азаттыкка» аралдагы кыргызстандык студенттердин абалы жакшы экенин билдирди:

«Бүгүндөн баштап университеттин баарын каникулга жөнөттү. 15-мартка чейин баарыбыз үйдө болот экенбиз. Азырынча кийинки жагдайыбыз кандай болот, эч нерсе билбейбиз. Кипрдеги кыргызстандык студенттердин абалы жакшы».

Учурда Кипр аралынын түрк тарабында жайгашкан Гирне жана Никосия шаарларында 1,5 миңге жакын кыргызстандык жаран билим алат жана мейманканаларда эмгектенет.

10-мартта Кипрдин Никосия шаарындагы мейманканалардын биринде эс алганы келген германиялык туристтен коронавирус илдети тастыкталган жана мейманкана толугу менен карантинге жабылган.

Түндүк Кипрдин калкынын саны 326 миңден ашат. Аралдын бул бөлүгү негизинен туризм тармагы менен жан багат. (ElB)

XS
SM
MD
LG