Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:18

Путин кайрадан президенттикке аттана алат


Президент Путин Мамлекеттик Думада сүйлөп жатат. 10-март, 2020-жыл.
Президент Путин Мамлекеттик Думада сүйлөп жатат. 10-март, 2020-жыл.

Мамлекеттик Дума Орусиянын Конституциясына киргизилген жаңы өзгөртүүлөрдү жактырды. Ага ылайык Владимир Путин 2024-жылы президенттикке талапкерлигин коё алат.

10-мартта сунушталган өзгөртүүлөрдү 380 депутат колдоп, 43ү каршы чыкты. Добуш берүүнүн алдында Путин мындай сунушка «Конституциялык сот жактырган шартта макул болорун» айтты.

«Мындай вариант болушу мүмкүн. Бирок Конституциялык сот мындай өзгөртүү Баш мыйзамдын принциптерине жана негизги жоболоруна каршы келбейт деп расмий тапса гана ишке ашырылышы керек», - деди Путин.

Бекитилген өзгөртүүлөргө ылайык, Путин бийлик башында 2036-жылга чейин кала алат. Ал үчүн ал 2024-жылкы шайлоодо жеңип, алты жылга шайланышы керек.

Жыл башында Путин Федералдык Жыйындагы кайрылуусунда Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен парламенттин ыйгарым укуктарын көбөйтүүнү сунуш кылган.

67 жаштагы Путиндин бийлик башына келгенине 20 жыл болду.

Путиндин ордо оюну
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:29:27 0:00

XS
SM
MD
LG