Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:10

Кыргызстан Индия менен аскердик өндүрүш боюнча кызматташат


Меморандумга «Дастандын» жетекчиси Таалайбек Темиралиев жана «Бхарат Форж» компаниясынын башчысы Баба Кальяни кол коюшту.
Меморандумга «Дастандын» жетекчиси Таалайбек Темиралиев жана «Бхарат Форж» компаниясынын башчысы Баба Кальяни кол коюшту.

Кыргызстан Индия менен аскердик өндүрүмдү биргелешип модернизациялоого катышмай болду.

«Дастан» ишканасы менен индиялык «Бхарат Форж» компаниясы кызматташтык тууралуу меморандум кабыл алышканын Кыргызстандын Индиядагы элчилиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, кыргыз делегациясы Индиянын Лакхнау шаарында өтүп жаткан «Defence Expo-2020» эл аралык көргөзмөсүнө катышууда. Көргөзмө коргонуу өндүрүшүнө арналган.

«Биз деңиз бизнеси сегментине кирип жатканыбызга абдан кубанычтабыз. «Индияда өндүр» саясатынын алкагында ишмердүүлүгүбүздү кеңейткибиз келет», - деп билдирди «Бхарат Форж» ишканасынын жетекчиси Баба Кальяни.

Меморандумга ылайык, аскердик багыттагы өндүрүмдү чогуу сыноо жана биргелешкен кеңири өндүрүш каралган.

Эки ишкана бул багытта 2019-жылдын сентябрь айынан бери кызматташып келе жатат.

«Дастан» заводу - Советтер Союзунун убагында түптөлүп, азыркы кезге чейин иштеп жаткан бирден-бир завод. Анда «Шквал» аттуу торпеда чыгат. 2010-жылдагы апрель окуяларынан соң ишкананы башкаруудагы мамлекеттик үлүш боюнча маселе жаралган. (RK)

XS
SM
MD
LG