Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Иран «жакынкы күндөрү» жандоочун космоско учурарын ырастады


Ирандын жандооч алып жүрө турган «Симорг» ракетасы. 2017-жылдын июль айы.
Ирандын жандооч алып жүрө турган «Симорг» ракетасы. 2017-жылдын июль айы.

Иран илимий изилдөө жүргүзүүнү көздөгөн жаңы жандоочун жакынкы күндөрү космоско учурганы жатат. Бул маалыматты Ирандын космос агенттигинин башчысы Мортеза Берари «France-Presse» жаңылыктар агенттигиндеги маегинде ырастады.

Бирок ал «Зафар» аттуу жаңы жандооч качан учуруларын так айткан жок. Болгону 113 килограмм салмактагы жандоочту «Симорг» ракетасы Жердин орбитасына алып чыгарын белгиледи.

Беш күн мурда Сан-Францискодо жайгашкан «Planet Labs Inc» компаниясынын жандоочтору тартып алган сүрөттөр Ирандын Имам Хомейни атындагы космостук борборунда иш-аракет күчөп, транспорт да көбөйгөнүн көрсөткөн.

Былтыр Тегерандын үч жолу жандооч учуруу аракети ийгиликсиз аяктаган. АКШ Ирандын жандооч учуруу боюнча аракетин кескин сынга алып, Тегеран өзөктүк дүрмөт алып жүрө ала турган баллистикалык ракеталарын өнүктүрүш үчүн жасалма жандоочторду шылтоо катары колдонуп жатышы мүмкүн экенин билдирип келет. Иран мындай дооматтарды четке каккан.

XS
SM
MD
LG