Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:19

Сузакта эки жашар наристе токмоктун уусунан чарчап калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, 27-январь күнү түш ченде Сузак районундагы Октябрь айылдык ооруканасына чарчап калган баланы алып келишкен. Баланын денесинде көгала тактар болгон. Бул факт боюнча Жазык кодексинин 138-беренеси («Адамдын өлүмүнө алып келген уруп-согуу») боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Баланын өлүмүнө шектүү Д.А. суракка алынган. Учурда анын кичинекей балдары болгону үчүн бөгөт чарасын үй камагына чыгаруу караштырылууда.

Милициянын маалыматына караганда, чарчап калган наристенин апасы былтыр кайтыш болгон, атасы Орусияда иштей турганы аныкталган.

Январдын он биринде Ысык-Көл облусунда туугандарынын колунда калган бир жашар кыз оорукананын жандандыруу бөлүмүндө бир күн жатып, эсине келбей чарчап калган. Соттук-медициналык экспертиза наристенин өлүмүнө токмоктун уусу себеп болгонун аныктаган. Кыздын атасы былтыр кайтыш болуп, апасы Түркияда миграцияда жүргөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG