Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

«Адилет» клиникасы: Өкмөттүк эмес уюмдар боюнча долбоордо одоно мыйзам бузуулар бар


"Тыңчы" мыйзамына каршы бейөкмөт уюмдардын акциясы, Бишкек, 2016-жыл
"Тыңчы" мыйзамына каршы бейөкмөт уюмдардын акциясы, Бишкек, 2016-жыл

Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдарга карата көзөмөлдү күчөтүү тууралуу мыйзам долбоорунда одоно эреже бузуулар бар. Бул тууралуу «Адилет» укуктук клиникасы 24-январда долбоор боюнча коомдук угууда билдирди.

Уюмдун юристи Искендер Какеевдин белгилешинче, эгер бул мыйзам кабыл алынса Конституция кепилдеген эркиндиктер чектелет. Биринчиден, адамдардын эркин чогулуу укугун эбегейсиз чектөө болот:

- Кайсы гана чектөө болбосун, ал Конституцияда жазылган мыйзамдуу максаттарга негизделиши керек. Бул долбоордо андай негиздеме жок. Экинчиден, дискриминациялык элементтер бар. Себеби бизде коммерциялык эмес уюмдардын 20 түрү болсо, алардын үчөөнө гана тиешелүү болгону жатат. Үчүнчүсү - азыркы мыйзамдар кайталанып калууда, анткени коммерциялык эмес уюмдар азыр ансыз деле отчет беришет. Төртүнчүдөн, мыйзам долбоору милдеттүү түрдө жасалуучу экспертизадан, мониторингден өткөнү тууралуу тастыктамалар жок. Бул одоно ката.

Коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды өзгөртүүнү Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов баштаган депутаттар тобу иштеп чыгып, коомдук талкууга январь айынын башында койгон.

Эгер мыйзам кабыл алынса, коммерциялык эмес уюм жыл сайын каржы маселелери тууралуу өкмөт аныктаган формада отчет берип турууга милдеттүү болот. Бул талапты аткарбаса мыйзам чегинде жоопко тартылат.

«Мыйзам жактырылса элдин коммерциялык эмес уюмдарга ишеними жогорулап, алардын ишинин ачыктыгы камсыз болот» деп айтылат негиздемеде.

Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу аракети 2014-жылы да болгон, бирок ишке ашкан эмес.

Былтыр Европа Биримдиги Кыргызстандагы жарандык коомдун ролунун жакшы жагын баса белгилеп, өкмөттүк эмес уюмдардын каржылоосуна көзөмөлдү күчөтүү тууралуу чакырыктарга тынчсыздануусун билдирген.(KR)

XS
SM
MD
LG