Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:36

Абактагы саясатчынын тарапкерлери митингге чыгышты


22-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунда саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлери акция өткөрүштү.

Түп райондук администрациясынын алдында уюштурулган митингге Түп районунун жаштары жана Садыр Жапаровдун колдоочулары чогулган. Акциянын уюштуруучуларынын бири Бакыт Ибраевдин айтымында, Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон саясатчы Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылы кармалышы мыйзамсыз болгон.

- Тынчтык митингине Кыргызстандын жети облусунан Садыр Жапаровду колдогондор шайланып жиберилген. Садыр Жапаров мыйзамсыз абакта жатат, эч күнөөсү жок. Караколдо болгон митингде ошол кездеги облустун губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алып, башаламандыкты уюштурду деген айып - жалган жалаа.


Бул митинг өтө тургандыгы тууралуу маалымат жергиликтүү бийликке алдын ала айтылган экен. Бул жолу Садыр Жапаровдун тарапташтары Кыргызстандын башка аймактарынан да келген. Алардын бири - токтогулдук Элмира Бечелова:

- Мурунку бийликтин буйрутмасы менен камалган Садыр Жапаровду азыркы бийлик да эркиндикке чыгарбай жатканы бизди өкүндүрөт. Мен балдарыма жаркын келечек каалаган адам катары бул адамды колдоп жүрөм. Мен өкмөт мүчөлөрүнөн бул адамды бошотуп берүүсүн суранат элем.

Болжол менен 150дөй адам катышкан митингге тартип коргоо органдары көз салып турду. Тынчтык акциясынын катышуучулары бул жыйындын соңунда резолюция кабыл алып, аны өкмөт, өлкө башчысына жолдошорун айтышты.

Турсунбек Акун
Турсунбек Акун

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун Садыр Жапаровдун тарапташтары уюштурган бул митинг ага залакасын гана тийгизип коюшу мүмкүн деген ойдо. Ал мыйзамда көрсөтүлгөн башка ыкмаларды колдонууга чакырды:

- Митингге чыккан Садыр Жапаровдун тарапташтары ага зыян кылып жатышат. Бийликке басым көрсөтүү, же сотко басым көрсөтүү жолу менен бул кадамга баруу туура эмес. Мен ансыз деле Садыр Жапаровду күнөөсүз деп эсептейм. Эгер Аскар Акаев же Алмазбек Атамбаевдин убагы болгондо, анда ошондой митинг, пикет кылып, кысым кылууга болот эле. Азыр бийлик "тигини же муну камактан чыгар же камап сал" деп айткан жок да.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү саясатчы Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернаторун барымтага алган» деген айыптын негизинде соттолгон. Анын кармалышын тарапташтары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушундагы бийликтин куугунтугу катары баалашкан.

Былтыр апрелде саясатчынын ишин караган Жогорку сот аны он жылга кескен. Жапаров абакта отурган кезде анын атасы, апасы жана уулу каза тапканы белгилүү.

2019-жылы ноябрь айында Садыр Жапаров президенттен ырайым сураган. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков журналисттер үчүн уюштурулган декабрдагы басма сөз жыйынында Жапаровдун арызы каралып жатканын жана мыйзам боюнча чечилиши керек экенин айткан.

Түптө Жапаровду колдогон акция өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:23 0:00


Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG