Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:07

Султанбаев: Чындык менен байлыктын ортосунда кармаш жүрүп жатат


Абдыкадыр Султанбаев.
Абдыкадыр Султанбаев.

Кыргызстандын Журналисттер союзу үч медиа каражатына жана “Азаттыктын” кабарчысы Али Токтакуновго жалпы 60 млн. сомдук доонун коюлуп жатышын сөз эркиндигине жана демократияга бөгөт катары баалайт. Бул тууралуу аталган союздун төрөгасы Абдыкадыр Султанбаев билдирди.

- Сот чагылгандай тездик менен, ак-карасын аныктабай туруп, чечим чыгарышы шек санатты. Дагы жакшы, бир күндөн кийин катачылыгын түшүнүп үч медианын эсебин камактан чыгарды. Сот мына ушундай жагдайды эске алышы керек. Мындан аркы чечими акыйкат болот деп ойлойбуз жана ошондой чечимди журналисттер коому талап кылат. Журналисттер союзу муну чындык менен байлыктын кармашы катары карап жатабыз, - деди ал.

«Азаттык» радиосу, OCCRP жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн иликтөөлөрдө Кыргызстандан бир нече жылда жүз миллиондогон доллар чыгарылып кеткени ашкереленген. Муну "24.kg" басылмасы да өз баракчасына жайгаштырган.

Иликтөөлөрдө көпчүлүккө белгисиз Абдукадыр аттуу чет өлкөлүк үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар тапканы көрсөтүлгөн. Анда бул иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин, Абдукадырдын үй-бүлөсү менен Матраимовдор өнөктөш экенин аныктаган. Матраимовдун жубайы Дубайда жалпы баасы 12 млн. доллардан кем эмес үч мүлккө ээлик кылары, бирок ал декларациясында көрсөтүлбөгөнү айтылган. Райымбек Матраимов иликтөөдө айтылгандар менен макул эмес экенин билдирген.

Бир туугандар Райымбек жана Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» сотко кайрылган. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop» жана 24.kg сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Арыздын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту 10-декабрда Кыргызстандагы бардык банктарга аталган тараптардын эсептерин камакка коюуга аныктама берген. Ушул эле соттук мекеменин судьясы Жылдыз Ибраимова 13-декабрда Матраимовдордун адвокаттарынын арызы менен эсептерди кайра камактан чыгарган. (ErN\MiK)

XS
SM
MD
LG