Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:54

Саясатчы Равшан Жээнбеков кармалганы кабарланды


Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков кармалганы кабарланды. Бул тууралуу “Азаттыкка” адвокат Замир Жоошев маалымдады. Анын айтымында, 7-8-августтагы Кой-Таштагы окуялар боюнча Жээнбеков Ички иштер министрлигине суракка чакырылган. Ал жерде бул окуя боюнча шектүү катары кармалгандардын бири Кыяс Смаилов менен беттештирилген. Ошондон кийин Жээнбеков шектүү катары ИИМдин убактылуу кармоо жайына киргизилген.

- Учурда мен адвокат катары иш менен таанышуу үчүн баратам, - деди Жоошев.

Ички иштер министрлиги бул боюнча расмий маалымат тарата элек.

49 жаштагы Равшан Жээнбеков - Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. Ал 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгону үчүн буга чейин да ИИМге суракка чакырылган эле.

Жогорку Кеңеш бүгүн Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусун уккан. Анын жүрүшүндө айрым депутаттар Равшан Жээнбековдун жоопкерчилигин кароого чакырышкан. (BkA)

XS
SM
MD
LG