Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:48

Азери парламенти өзүн өзү таратууга көндү


Азери парламентинде президент Илхам Алиев жетектеген «Жаңы Азербайжан» партиясы үстөмдүк кылат.
Азери парламентинде президент Илхам Алиев жетектеген «Жаңы Азербайжан» партиясы үстөмдүк кылат.

Азербайжанда парламент 2-декабрдагы жыйынында өзүн өзү таратуу сунушуна көндү жана президент Илхам Алиевге мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоону өтүнүп кайрылды.

Азери парламентинде Илхам Алиевдин «Жаңы Азербайжан» партиясы үстөмдүк кылат. Аталган партия өткөн аптада «парламенттин азыркы курамы Алиевдин саясатына төп келбейт» деген мазмундагы билдирүү тараткан. Бул өлкөнүн мыйзамы боюнча парламентти президент гана тарата алат жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону да мамлекет башчы дайындайт.

Азербайжанда соңку парламенттик шайлоо 2015-жылы өткөн жана оппозициялык партиялар ага катышуудан баш тартышкан. Илхам Алиев 10 миллиондой эли бар Азербайжанды 2003-жылдан бери башкарат. Ага чейин анын атасы Гейдар Алиев мамлекетти 10 жыл жетектеген.

Жаратылыш байлыктары мол болгонуна карабай Азербайжан кийинки убакта экономикалык каатчылыкты баштан кечирип жатат жана өлкөдө инфляция, негизги товарлардын баасынын көтөрүлгөнү, жумушсуздук өңдүү маселелер карапайым элди жүдөттү.

XS
SM
MD
LG