Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:25

Забайкальскиде аза күтүү күнү жарыяланды


Жол кырсыгы 19 адамдын өмүрүн алды.
Жол кырсыгы 19 адамдын өмүрүн алды.

Орусиянын Забайкальск аймагында 19 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу 2-декабрь аза күтүү күнү деп жарыяланды. Чөлкөмдөгү бардык мамлекеттик мекеме-ишканалардагы туулар түшүрүлүп, көңүл ачуучу иш-чаралар токтотулду.

Жекшембиде Сретен районунда эл ташыган автобус көпүрөдөн кулап кеткенде дагы 22 жүргүнчү жабыркаган. Алардын ичинен төртөөнүн абалы оор.

Баштапкы маалыматтарга караганда, кырсыкка автобустун алдыңкы дөңгөлөгүнүн жарылышы себеп болгон. Автобус көпүрөдөн Куэнга дарыясына кулап түшкөн.

Ушундай эле автобус кырсыгы 1-декабрда Тунисте катталды. Каргаша 24 кишинин өмүрүн алды. Алардын баары курортко эс алууга бараткандар эле. Жаракат алгандардын саны 18ге жетти. Бийлик кабарлагандай, айдоочу чукул бурулуштардын биринен автобусту башкара албай калган. Ичинде 43 жүргүнчүсү бар автобус жардан кулап кеткен.

XS
SM
MD
LG