Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:30

ЖАМК: Молдовановкадагы түрмөдө соттолуучу асынып алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдүн Молдовановка айылындагы №1 түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 23 жаштагы адам өз жанын кыйды. Бул маалыматты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз кызматынын өкүлү Самат Калыков ырастады. Анын маалыматына караганда, окуя 1-декабрда болгон.

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары каза болгон адамдын туугандары өлгөн киши суицидге барбаганын, анын денеси күйгөнүн байкаганын билдиришкенин жазып чыгышты. Калыков бул боюнча да комментарий берди. ​

- Тергөөчү менен эксперт анын денесин текшерген. Алдын-ала маалымат боюнча суицид болгон. Азыр тиешелүү документтер топтолуп, иликтөө иштери жүрүп жатат. Окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган, - деди Калыков.

Ошондой эле документтер соттук-медициналык экспертизага жиберилген. Жыйынтыгы чыга элек. (BTo)

XS
SM
MD
LG