Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:52

Сергей Лавров Бакуда Тоолуу Карабак маселесин талкуулайт


Сергей Лавров.
Сергей Лавров.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 2-декабрда эки күндүк жумушчу сапар менен Азербайжанга келди. Ал Бакуда президент Илхам Алиев жана азери тышкы иштер министри Элмар Мамедъяров менен жолугат.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги бул сапардын алдында «сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу алака-катыштын урунттуу маселелери талкууланат. Эл аралык жана аймактык маселелер, анын ичинде Тоолуу Карабак боюнча пикир алмашуу болот» деп билдирген.

1990-жылдардын башында Азербайжанда армяндар басымдуулук кылган Тоолуу Карабакты Армения колдогон жикчилдер согуш учурунда ээлеп алышкан. Кандуу кармашта жалпысынан 30 миңдей адам ажал тапкан, жүздөгөн тургундар үй-жайын таштай качкан. Буга байланыштуу эки өлкө бири-бирине эмгиче доомат артып келет жана чатакты жөнгө салуу боюнча дипломатиялык аракеттерден майнап чыга элек.

Өткөн аптада 2001-жылдан бери биринчи жолу азербайжандык журналисттердин тобу Арменияга барган жана алардын армениялык кесиптештери да Бакуга келишкен. Бул иш-чараны эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтери Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) ортомчулугу менен уюштурган. Орусия бул иш-чараны кубаттаган.

XS
SM
MD
LG