Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:51

Нарында электр энергиясынын тарифине каршы жыйын өтүп жатат


Нарында электр энергиясынын тарифине каршы өтүп жаткан жыйын. 29-ноябрь, 2019-жыл.
Нарында электр энергиясынын тарифине каршы өтүп жаткан жыйын. 29-ноябрь, 2019-жыл.

Жыйын Нарын облустук Жаштар ордосунда болуп жатат. Чогулгандар кыш мезгилинде электр энергиясынын тарифине 3000 кВт/саатка чейин жеңилдик берүүнү талап кылышууда. Жыйындар залына 300 киши батат, дээрлик орундуктардын баары бош эмес.

Элдин суроолоруна «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын директору Айтмамат Назаров жана өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмил Алымкулов жооп берип жатат. Нарындыктар буга чейин 19-ноябрда шаардык мэриянын имаратында чогулушкан.

Бүгүнкү күндө электр кубаты жеке жактар үчүн 700 кВт/саатка чейин 77 тыйындан, андан ашканы 2 сом 16 тыйындан, ал эми бийик тоолуу аймактар үчүн кышында 1000 кВт/саатка чейин 77 тыйындан, андан ашканы 2 сом 16 тыйындан берилет. (MiK)

XS
SM
MD
LG