Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:03

Бишкекке ЖККУга кирген өлкөлөрдүн лидерлери чогулат


ЖККУ мамлекеттеринин туулары.
ЖККУ мамлекеттеринин туулары.

Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) курамындагы Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын, Тажикстандын, Беларустун президенттери жана Армениянын премьер-министри​ 28-ноябрда Бишкекке чогулуп, Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясын өткөрүшөт.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстан төрагалык кылган 2019-жылы уюмда коопсуздук маселелерине, кризистик кырдаалдарды жөнгө салууга, аскердик-экономикалык, аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө артыкчылык берилди.

Бишкекте өтчү саммитте эл аралык жана аймактык коопсуздук маселеси талкууланат. Бир катар документтерге кол коюлуп, уюмдун 2020-жылга карата бюджети бекитилет. Ага КМШ аткаруу комитетинин аткаруучу катчысы Сергей Лебедев да катышат.

Бишкек ушул жыйында уюмдагы төрагалык милдетин жыйынтыктайт. (SE)

XS
SM
MD
LG