Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:45

Соцтармактын өкмөттү жамандаган колдонуучусу кармалды


«Facebook» социалдык тармагынын логосу. Иллюстрациялык сүрөт.
«Facebook» социалдык тармагынын логосу. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгы аймак аралык касташууну козутуу фактысы боюнча социалдык тармактардын активдүү колдонуучусун (А.Ж.) кармады. Бул тууралуу комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Анда айтылгандай, кармалган жаран жалган, чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды социалдык тармактын колдонуучуларынын арасында жайылтып, массалык нааразылык актыларын уюштурууга үндөгөн. Натыйжада ал колдонуучулар арасында бири-бирин жек көрүүнү, аймактар аралык касташууну жараткан.

Колго түшкөн адамга Жазык кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту («Аймак аралык касташууну козутуу») боюнча кылмышка шектүү экени билдирилген. Ал УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Атайын кызматтын билдирүүсүндө кармалган киши кайсы социалдык тармактын колдонуучусу экени айтылган эмес. (ErN)

XS
SM
MD
LG