Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:45

Жээнбеков күч органдарын тазалоо жүрүп жатканын айтты


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштүн алкагында жемкордук менен күрөшкөн органдарды тазалоо жүрүп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал Коомдук каналдагы маегинде айтты. Президенттин айтымында, учурда сот системасындагы, прокуратурадагы, милициядагы, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтагы (Финансы полициясы), Эсеп палатасындагы коррупциялык аракеттерге каршы иш жүрүп жатат.

- Биз коррупцияга каршы күрөштү жакшыртыш үчүн коррупция менен күрөшүп жаткан органдарды тазалаш керек. Тазалоо процессин улантабыз, туура эмес адамдардан арылабыз, - деди Жээнбеков.

Ошондой эле президент Кыргызстанда коррупция менен күрөштү баары колдогону менен жемкордук боюнча шек саналган жакындарын актаганга аракет кылгандар көп экенин кошумчалаган.

Президент Жээнбеков маегинде бажыдагы коррупцияга байланышкан акыркы журналисттик иликтөөлөр боюнча пикирин билдирген жок.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөөсүнөн соң коомчулукта бир катар адамдар Сооронбай Жээнбековду айтылган маалыматтар боюнча реакциясын билдирүүгө чакырышкан. (BkA)

XS
SM
MD
LG