Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:37

Карамушкина президентке ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрө турганын билдирди


Жогорку Кеңештеги Кыргызстан социал-демократиялык партиясы фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина президент Сооронбай Жээнбековго ишеним көрсөтпөө жараянын баштарын билдирди.

Бул тууралуу 23-ноябрда "Фейсбукка" жазып, мамлекет башчы эл аралык уюшма коррупциялык топтогулар менен алакасы болушу мүмкүн экенин, мындан улам парламенттин жакынкы пленардык жыйынында ага импичмент жарыялоо маселесин көтөрүп чыгарын маалымдады.

Карамушкина мамлекеттен чыгарылган миллиондогон долларлар тууралуу журналисттердин иликтөөсүнө байланыштуу ачык-айкын териштирүү жүргүзүүнү, Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп тургандагы ишмердигине баа берүүнү сурап Башкы прокуратурага кат жолдорун кошумчалаган.

21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн иликтөө жарыяланган. Анда миллиондогон долларлар Кыргызстанга мыйзамсыз кирип-чыгып турганы айтылган.

Ошондой эле иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкереледи. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун иниси. Депутат бир тууганына байланыштуу маалыматтарды четке кагып келет.

Иликтөөдө аты аталган адамдар менен мамлекет башчынын жакын алака-катышы жоктугун президенттик аппараттын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG