Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:38

Шахмат федерациясынын мүчөлөрү жетекчиликке нааразы болуп жатышат


Кыргызстандын Шахмат федерациясынын айрым мүчөлөрү Милан Турпанов башында турган жетекчиликтен "финансылык мыйзам бузууларды жасаган" деп күмөн санашууда.

Мындан улам 23-ноябрда Бишкекте кезексиз курултайга чогулушмакчы. Бул тууралуу бир катар шахматчылар "Азаттык" радиосуна кабарлашты.

Уюштуруучулардын катарында федерация мүчөлөрү, ардагерлер бар. Алар бюджеттен бөлүнгөн акча "сол чөнтөккө кеткен болушу мүмкүн" деп божомолдоп, Эл аралык шахмат федерациясы менен кызматташууда да мүчүлүштүктөр бар экенин билдиришти.

Курултайда жетекчиликке ишеним көрсөтпөө маселеси көтөрүлөт, каражаттар кайда жана кантип коротулуп жатканы талкууланат. Ошондой эле шахматты өнүктүрүүнүн күңгөй-тескейин талдашат.

Милан Турпанов бул курултайды мыйзамсыз деп, федерациянын расмий курултайы 2020-жылдын январында болорун "Азаттыкка" айтты. Ага нааразы болуп жаткан тарапты "кутум уюштурууда" деп күнөөлөдү жана күмөн саноолордун баарына январдагы жыйында жооп берүүгө даяр экенин белгиледи.

Турпановдун айтымында, Шахмат федерациясынын жобосунун негизинде мүчөлүк акы жылына 300 сом деп белгиленген. Ал ыктыярдуу түрдө чогултулат. Мамлекеттик жана эл аралык мелдештерге катышуу, уюштуруу иштерине бюджеттен эки миллион сомдун тегерегинде акча бөлүнөт.

"Бюджет тартыштыгынан улам 2019-жылдын май айынан бери акча бөлүнө элек",- деди ал.

Федерация эгемендиктин алгачкы жылдары түптөлгөн. Турпанов аны 2013-жылдан бери жетектейт. Федерациянын президенти төрт жылда бир шайланат.

Федерациянын мүчөлөрүнүн саны январдагы курултайда такталат. 2015-жылкы эсеп боюнча 70тин тегерегинде. (SE)

XS
SM
MD
LG